1. Главная
  2. Новости
  3. Юрист Муканов Элдияр Табылдиевич менен эксклюзивдүү маек

Юрист Муканов Элдияр Табылдиевич менен эксклюзивдүү маек

Юрист Муканов Элдияр Табылдиевич менен эксклюзивдүү маек

 

Суроо 1: Курулуш кечиксе штраф төлөнөбү?

Э.Муканов:

Үлүшкө ээ болуу жөнүндө келишимдин (мындан ары ҮК) 5.2 пунктуна ылайык курулуш кечиксе ар бир күнгө төлөнгөн суммадан 0,1%, бирок төлөнгөн сумманын 10% көп эмес айып төлөнөт.

 

Суроо 2: Айлык төлөмдүн кечигүүсүндөгү штраф?

Э.Муканов:

Төлөмдөр кечиккен учурда айыптын өлчөмү ҮКнын 5.3 пунктуна ылайык ар бир күнгө карыздан 0,1%, бирок батирдин баасынан 10% көп эмес.

 

Суроо 3: Батирдин сатуу-сатып алуу баасы өзгөрүшү мүмкүнбү?

Э.Муканов:

 

ҮКдин шаттарына ылайык батирдин сатуу-сатып-алуу баасы өзгөрөт, эгерде:

— АКШ долларынын кыргыз сомуна болгон алмашуу курсу ҮК түзулгөн учурдан 10% дан көп даражага өзгөрсө жана негизги курулуш материалдарынын (арматура, цемент, бетон, куйуучу май, жасалгалоо материалдары) базар баасы ҮК түзүлгөн учурдагы бааларынан 10% көп өзгөрсө.

 

Суроо 4: Эгер биз квартираны азыр сатабыз десек кандай болот?

Э.Муканов:

Мыйзамдардын жана ҮКнын талаптарына ылайык батирди азыр сата албайсыз, себеби сиз батирдин ээси боло элексиз. Батирдин ээси катары биз менен сиздин ортобузда сатуу сатып-алуу келишиминин талаптарын толук аткарып бүткөндө кана сатуу укугуна ээ болосуз.

 

Суроо 5: Эмнеге келишимди бузганда 20% кармап, анан акчаны 90 күндөн кийин бересиңер?

Э.Муканов:

Мыйзамдарда каралган келишимдин талаптарынын ортосундагы макулдашуу. Мындай эреженин келишимде камтылышынын бир канча себептери бар, алар:

— үлүшчүнү тартипке чакырууну көздөйт;

— куруучу батирди сатып алуу укуктарын үлүшчүгө бекитип, үлүшчү төлөгөн каражатка батир салуу чыгымдарынын (майана, офис, свет, суу, байланыш, мунайзат ж.б.) болугун жапканга жумшайт жана үлүшчү келишимди бузган учурда чыгымдар жасалган болот;

 

Суроо 6: Үйгө киргенде кандай келишим түзөбүз, кандай документтер болот?

Э.Муканов:

Үйгө кирген учурда, үйлөргө техпаспорт жазалып, келишимдин бир нече түрлөрү, төлөмдөргө жараша жана КРнын мыйзамдарына ылайык түзүлөт.

 

 

 

Похожие новости

Топ-5 вопросов к дизайнеру интерьера Чолпон Баракановой

Топ-5 вопросов к дизайнеру интерьера Чолпон Баракановой

Вопрос 1: В чем отличие «Классики» от «Смарт» стиля, какой практичнее для семьи?   Ч.Бараканова: Классический стиль отличается симметрией, обилием декора и дорогими натуральными материалами, а «Смарт» (или современный, минималистичный) — простотой, функциональностью и минимумом деталей. Для семьи практичнее «Смарт» стиль, поскольку он более адаптивен к потребностям детей и родителей, прост в уборке и не […]

Биздин кардарлар:  «30-40% курулуштун жүрүшүндө төлөп, калган 60% батирге кирип төлөсө болот экен»

Биздин кардарлар: «30-40% курулуштун жүрүшүндө төлөп, калган 60% батирге кирип төлөсө болот экен»

«Биздин кардарлар— Азамат менен Наргиза: “Биз эч качан батир сатып ала албайбыз деп ойлогонбуз”» Азамат: “Батирди бир ай мурун сатып алдык. Азыр курулуштун жүрүшүнө көз салып турабыз. Объектке да барып келдик. Болочок үйүбүздүн сапаты бизди кубандырды. Дөөлөт Курулуш курулуштун нормаларын так сактап, шашпай, сапаттуу куруп жатат. Менимче, мындай үйдү күтө турууга ылайыктуу. Анткени сатып алуу […]

Юрист Муканов Элдияр Табылдиевич менен эксклюзивдүү маек

Юрист Муканов Элдияр Табылдиевич менен эксклюзивдүү маек

Юрист Муканов Элдияр Табылдиевич менен эксклюзивдүү маек   Суроо 1: Курулуш кечиксе штраф төлөнөбү? Э.Муканов: Үлүшкө ээ болуу жөнүндө келишимдин (мындан ары ҮК) 5.2 пунктуна ылайык курулуш кечиксе ар бир күнгө төлөнгөн суммадан 0,1%, бирок төлөнгөн сумманын 10% көп эмес айып төлөнөт.   Суроо 2: Айлык төлөмдүн кечигүүсүндөгү штраф? Э.Муканов: Төлөмдөр кечиккен учурда айыптын өлчөмү […]